Ошто Кара-Суу базарынын 30 чакты соодагери акцияга чыкты

Ошто акцияга чыккан соодагерлер. 27-июль, 2023-жыл.

Ош облусундагы Кара-Суу базарынын 30 чакты соодагери 27-июлда Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнүн жээгине нааразылык акцияга чыгышты.

Алар 100дөн ашык соодагердин Кара-Суу базарындагы орундары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине мыйзамсыз өткөрүлүп жатканын айтышты.

Акцияга чыккандар тиешелүү документтери бар экенин билдирип, Ошто иш сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаровдон аларды кабыл алууну суранышты.

Кара-Суу базары 2006-жылы мамлекеттин карамагына өткөн. Ал Борбор Азиядагы эң ири соода жайларынын бири болуп саналат. Базарда беш миңден ашык киши иштейт. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Орусияда мобилизация боюнча чакыруунун жаңы формасы бекитилдиАзербайжан армениялык автокербенди Тоолуу Карабакка өткөрбөй койдуИзилдөө: Бишкектеги жашыл аймак жети жылда 479 гектарга кыскарды"Ынтымак" телеканалы УТРКга өткөрүп берилдиАламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кыздын сөөгү табылды Тайлаков “Яндекс.Таксинин” баасын жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирди