Орусияда мобилизация боюнча чакыруунун жаңы формасы бекитилди

Казанда мобилизацияга тартылгандар. 23-октябрь, 2022-жыл.

Орусиянын өкмөтү мобилизация боюнча чакыруунун жаңы формасын бекитти. Бул тууралуу токтом расмий сайтка жарыяланды. Анда жазылгандай, мобилизацияга тартылган адам Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен аскердик комиссариатка барышы керек. Чакыруу формасында буйруктун номуру жазылбаган, ага орун да калтырылган эмес. Документте ошондой эле мобилизация жарым-жартылай экени дагы белгиленбеген.

Буга чейин Орусияда мобилизация боюнча чакыруу кагазы болгон эмес. Аскердик комиссариаттар кадимки армияга чакыруу формасын колдонуп келишкен.

Орус өкмөтүнүн токтомуна ылайык, мобилизация боюнча чакыруунун көчүрмөсү электрондук формада болот.

25-июлда Мамлекеттик Дума орус армиясындагы кызмат өтөө шарттарын катаалдаткан бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Тактап айтканда, чакыруу менен аскердик комиссариатка келбегендерге айып пулдун көлөмү көбөйтүлдү, аскерге жарамдуулардын жаш курагы 27 ден 30га чейин көтөрүлдү.

Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун орусиялык аскер кызматына чакырылган. Октябрдын аягында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация аяктаганы тууралуу маалымат берген. Андан кийин Путин да долбоор аяктаганын жарыялап, бирок тиешелүү жарлыкка кол койгон эмес. Иш жүзүндө Орусияда расмий мобилизация улантылууда.

Дагы караңыз

Изилдөө: Бишкектеги жашыл аймак жети жылда 479 гектарга кыскарды"Ынтымак" телеканалы УТРКга өткөрүп берилдиАзербайжан армениялык автокербенди Тоолуу Карабакка өткөрбөй койду