28-июлдун аба ырайы

Бишкек. Архив.

Кыргызгидромет кабарлагандай, 28-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 29…34;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо 0…5, күндүз 8…13° болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 30…32 болот.

Дагы караңыз

"Ынтымак" телеканалы УТРКга өткөрүп берилдиАламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кыздын сөөгү табылды “Жаңы Тажикстан 2” сайты “экстремисттик” деп табылдыТайлаков “Яндекс.Таксинин” баасын жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирдиБир катар тажик банктары "Юнистрим" аркылуу акча которууну чектеди Ысык-Көлдөгү кырсык: катердин айдоочусунун бөгөт чарасы аныкталдыОрусия Путинди камакка алуу ордерин чыгарган судьяга издөө жарыялады