Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жыл жаңыргандан бери Кемин шаарынын жогору жагында майнинг ферма иштеп, мамлекеттин энергетикалык системасына туташып алган. Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал жарыяланып, кышында жарык өчүрүлүп жаткан маалда Кыргызстандагы ири майнинг ферманын ишмердиги суроо жаратат.

“Азаттык” криптовалюта чыгарган компаниянын ишин, анын энерго системага тиешеси бар таасирдүү кожоюндарын иликтеди.