Ооганстанда Талибан кыймылы түзгөн өкмөттүн буйругу менен шейшембиден тарта миңдеген сулуулук салондору жабылды.
Муну менен кыз-келиндер киреше алып келген булактан, теңтуштарына жолугуп, баарлашуучу жайлардан ажырап калды.
Талибандын Адеп-ахлак министрлиги "аялдардын келбетине кам көрүүгө корогон көп суммадагы акча үй-бүлөлөрдүн жакырлануусуна алып келүүдө" жана айрым "косметикалык процедуралар ислам эрежелерине туура келбейт" деген негизде буйрук чыгарганын билдирди.
Аялдардын билим алуу, башка укуктары талибдердин бийликке кайтып келген 2021-жылдын августунан бери чектелген. Кыз-келиндер парк, жармаңке өңдүү коомдук жайларга, спортзалдарга бара албайт жана чүмкөнүп жүрүүгө милдеттүү.
Дагы караңыз
Мамдума аскерлерди бир айдан кийин согушка жөнөтүүнү талкуулап жататЛейлекте аткезчилик менен эт ташыган Тажикстандын жараны кармалдыЛенин округундагы кайра шайлоо: тогуз адам БШКга арыз берди