Жардам сурап ыйлаган келин арыз жазуудан баш тартты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте машинада кетип баратып жардам сураганы интернетте тараган келинге милиция убактылуу коргоо ордерин жазып берди. Бул тууралуу бүгүн 25-июлда “Азаттык” радиосуна Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, келин машинанын айдоочусу күйөөсү экенин, эч кимге доосу жоктугун айтып берген жана ага каршы милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Милиция келиндин жардам сураган окуясы каттоого алынганын, айдоочу 37 жаштагы киши экенин, ал аныкталып, ички иштер мекемесине териштирүүгө чакырылганын, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын кабарлады. Ошону менен катар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар, мындай кылмышка күбө болгондор тез арада милицияга кайрылышы керектигин белгиледи.

Окуянын чөнтөк телефонго тартылып алынган кыска видеосун социалдык түйүндүн колдонуучуларынын бири кечээ жарыялаган. Андан Бишкектеги соода борборлорунун биринен шашылыш чыгып бара жаткан кичи автобустун айдоочусунун жанында баласы менен отурган келин терезеден ыйлап, жардам сурап жатканын көрүүгө болот.

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, ордер үч күнгө жазылып берилет, зарыл болсо анын мөөнөтү узартылат. Мындай кагаз жазылгандан кийин зомбулук көрсөткөн адам жабыркаган аялга жана балдарына жологонго укугу жок болот, эгер бул талапты бузса, жоопко тартылат.

Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук токтобой жатканын укук коргоочулар айтып келишет.

Эки жыл мурда көчөдөн уурдап, машинага күчтөп салып кетишкен Айзада Канатбекованын сөөгү талаадан табылган окуядан кийин милициянын ишине доомат айтылып, ондогон ички иштер кызматкери жоопко тартылган.

Дагы караңыз

Мурдагы министр Кутманова камакка алындыМАГАТЭ: Запорожье АЭСинин аймагына миналар коюлган УКМК Кутманова коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди Чек ара: Кыргызстан "тажик жарандары милиция кызматкерине кол салганын" билдирди