Вебкам иши: Даниел Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Даниел Ажиевди кармоо учуру. Июнь, 2023-жыл. УКМК тараткан сүрөт

24-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстанда вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевдин абактагы мөөнөтүн узартып, 29-сентябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган райондук соттун 5-июндагы чечими менен Даниел Ажиев 29-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Атайын кызмат Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана ага “модел” делген кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга айып тагылган.

Даниел Ажиев өзү 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракет кылган жеринен кармалып, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Ажиев жана анын адвокаттары эч кандай комментарий бере элек.

Ал 2020-жылдын март айында Инстаграмдагы баракчасына муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн видео чыгарган. Ошондон кийин ага “Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси менен иш козголуп, кармалган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2020-жылы 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан психиатриялык диспансерге жөнөтүлгөн. Кийин эркиндикке чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Грекиянын Корфу аралынан 2500дөй киши эвакуацияландыБишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр ташылып келе баштады Консулдук: Кутманованын уулу депортациялоо борборунда туратИИМ Динара Кутманованын уулу эл аралык издөөдө болгонун билдирди Ооганстанда жаандын кесепетинен 30дан ашык киши каза болдуМамлекеттик циркке жаңы директор дайындалды