Мамлекеттик циркке жаңы директор дайындалды

Рыскул Боромбаев.

Рыскул Боромбаев Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 24-июлда кабарлады.

Жаңы дайындалган директорду цирктин эмгек жамаатына маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

71 жаштагы Рыскул Боромбаев буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеп келген. Кыргызстандын улуттук маданият борборунун башкы директору, мамлекеттик цирктин директорунун орун басары болгон.

Цирктин мурдагы директору Фархад Бекманбетов июнь айында кызматтан кеткен. Ал бул кызматка 2019-жылы дайындалган. Буга цирктин айрым кызматкерлери каршы болуп, нааразылык акциясына чыгышкан.

Жамааттагы пикир келишпестик 2010-жылдардан бери эле уланып келе жаткан. Циркте 20 жылдан бери иштеп келе жаткан каскадёр Асланайым Аширова имарат кейиштүү абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын социалдык тармактарга чыгарып жүргөн. Бекманбетов өзү тууралуу дооматтарды четке каккан.

Президент Садыр Жапаров 7-июлда мамлекеттик циркти текшерип, толук оңдоп чыгуу тапшырмасын берген. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстанда электр энергиясынын экспорту азайдыОоганстанда жаандын кесепетинен 30дан ашык киши каза болдуМэрия жарактан чыккан 300 эски автобусту саттыТөө-Ашууда тоннель 6-августка чейин күнүгө 10 сааттан жабылып турат Садыр Жапаров кыргыз тил мыйзамы тууралуу Лавровдун сынына жооп берди