Футзал: Кыргызстандын командасы Ооганстанга утулду

Бүгүн, 23-июлда Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында CAFA Futsal Cup футзал боюнча эл аралык турнир башталды.

30-июлга чейин созула турган турнирге Кыргызстан, Иран, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстандан келген курама командалар катышат.

Биринчи оюнда Кыргызстандын курама командасы Ооганстандын курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде оогандарга утулуп калды.

Кийинки оюнда Кыргызстан курамасы 24-июль күнү Иран курамасы менен ойнойт.

Дагы караңыз

Саакашвили Навальныйга тилектештик билдирдиЛавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу пикирин билдирди Мамлекеттик тилдин макамы, Орусиянын реакциясыБаку - Бишкек - Баку түз аба каттамы ишке киришти