АКШнын чалгын кызматы Орусиянын өзөктүк куралы Беларуска жеткирилгенин ырастады

Александр Лукашенко жана Владимир Путин.

АКШнын Коргоо министрлигине караштуу чалгын кызматы (Defense Intelligence Agency) Владимир Путиндин тактикалык өзөктүк куралдын Беларуска жайгаштырганы жөнүндө сөзүнө "күмөн саноого негиз жок" экенин билдирди.

Бул жөнүндө аты аталбаган аткаминерлерге шилтеме берүү менен CNN басылмасы жазды.

Путин өзөктүк курал Беларуска жайгаштырылганын өткөн айда айткан. Батыш мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү бул кабарды ырастап же төгүндөгөн эмес.

Буга чейин АКШ чалгын кызматынын өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоо үчүн атайын жайларды куруу иштери болуп же болбогонун тактай албаганы менен, алардын курулушу жөнүндө эки өлкөнүн тең башчылары айткан болчу. Бирок америкалык чалгын кызматы Беларустун аймагында өзөктүк дүрмөттөрдү сактоого ылайыкташкан советтик мезгилден калган объектилер бар экенин маалымдады.

Чалгын кызматы Беларуска жайгаштырылган өзөктүк куралга Орусия толук көзөмөл кыларын белгилеген. Муну менен алар Лукашенконун "керектүү учурда өзөктүк куралды тоскоолдуксуз колдоно алары" жөнүндө айтканы күмөндүү экенин кошумчалаган. Куралды Минскинин карамагына өткөрүп берүү Орусиянын өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине каршы келмек. Путин буга чейин өзөктүк курал Орусиянын көзөмөлүндө болорун айткан.

Беларуска канча өзөктүк курал жайгаштырылары белгисиз.

АКШ Орусиянын Беларуска өзөктүк курал бергенин айыптаган. Вашингтондун пикиринде азыр аны колдонот деген кооптонуу жок жана буга байланыштуу АКШ өзөктүк стратегиясы өзгөртпөйт.

Дагы караңыз

Орус армиясынын Одессага чабуулунда киши өмүрү кыйылды, 19у жаракат алды Украинада "РИА Новости" агенттигинин кабарчысы каза таптыБаку - Бишкек - Баку түз аба каттамы ишке киришти Forbes дүйнөдөгү куну төмөн 10 валютанын тизмесин жарыялады