Forbes басылмасы АКШ долларына салыштырмалуу куну эң төмөн 10 валютанын тизмесин жарыялады.
Куну төмөн валюталардын сап башында иран риалы, вьетнам донгу, лаос кипи турат. Андан кийинки орунду Сьерра-Леоне, Индонезия, Ливан, Гвинея, Парагвай жана Уганда мамлекеттеринин акча бирдиктери ээлейт. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бул тизмени Өзбекстан суму жетинчи болуп толуктады.
Буга катар эле аталган басылма дүйнөдөгү эң кубаттуу 10 валютанын да тизмесин жарыялаган. Тизмеге Кувейттин, Бахрейндин, Улуу Британиянын, Швейцариянын, АКШнын, Кайман аралдарынын акча бирдиктери кирген. Ошондой эле бул ондукта евро да бар.
Кыргызстан бул эки тизмеде тең кездешпейт. Адистер кыргыз сому аймактагы туруктуу акча бирдиги экенин айтып келет.
Узак убакыт бир калыпта сакталып келген сом былтыр Орусия Украинага согуш ачкандан кийин арзандап, март айында бир доллар 106 сомго чейин жеткен.
Дагы караңыз
Грекиянын Корфу аралынан 2500дөй киши эвакуацияландыКыргызстанда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилетКызмат маалында каза тапкан прокурорго берилчү кенемте азайды