Бишкекте нотариустардын биринчи чогулушу 21-июлда өтүп, анда Нотариалдык палатанын башкаруу органы шайланды.
Бул тууралуу Юстиция министрлигин басма сөз кызматы билдирди.
300дөн ашык өкүл катышкан жыйында нотариалдык тутумду реформалоо талкууланды. Нотариалдык палатанын иштөө принциптери макулдашылып, башкаруу органдары шайланды.
"Палата жеке нотариустардын ишин текшерүү жана
даттанууларды кароо, экзамендерди өткөрүү процесстерине катышат", - деди юстиция министри Аяз Баетов.
Министрдин айтымында, Юстиция министрлиги Палата менен толук кандуу кызматташат, ошол эле маалда нотариустардын ишине мамлекеттин катышуусунун деңгээли төмөндөйт.
Иш-чара USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоорунун жарым-жартылай колдосу менен өткөн.
Жыйынга президенттин администрациясынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган чиновниктер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстанда 90 мамлекеттик жана 340 жеке нотариус бар. Алардын 47% Бишкек шаарында, 27% Чүй облусунда кызмат көрсөтөт. Калган алты аймакта калктын санына жараша ар бир облуска бирден үчкө чейин мамлекеттик нотариустар бар.
Кыргызстанда мамлекеттик нотариустарга салыштырмалуу жеке нотариустардын ыйгарым укуктары чектелүү.
Ал эми мамлекеттик нотариустар Юстиция министрлигине баш ийет, мамлекет бөлүп берген имаратта отурушат жана үй, жер сыяктуу кыймылсыз мүлктү каттоого алууда, мураска өткөрүп берүүдө негизги ролду ойногон расмий документтерди катташат, андай документтердин түп нускасы менен иштейт, сактап жана жооп беришет. (MKt)
Дагы караңыз
“Евробиримдик Орусияга көмөктөшкөндөрдү колдобойт”Декреттик жөлөк пул жаңы жылдан тартып эки эсе көбөйөтИндияда жүздөй адам жер көчкү алдында калды