Милиция Ысык-Көлдө өспүрүм уурдалган окуя иликтенип жатканын билдирди

Кыргызстан, Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде уурдалды деген өспүрүм ошол эле күнү аман-эсен табылып, апасына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу бүгүн 22-июлда “Азаттык” радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 20-июлда болгон. Милицияга кайрылган аял анын уулун Бостори айылындагы эс алуу жайларынын биринде көл жээгинен уурдап кетишкенин айткан. Издөө иштеринин натыйжасында бала ошол эле күнү кечинде Чүй облусунун аймагынан аман-эсен табылган.

Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (“Адам уурдоо”) негизинде иликтене баштады.

Айрым маалымат булактары бала 12 жашта экенин, аны уурдагандар апасынан 300 доллар талап кылышканын жазып жатышат. (MKt)

Дагы караңыз

Декреттик жөлөк пул жаңы жылдан тартып эки эсе көбөйөтИндияда жүздөй адам жер көчкү алдында калдыВИЧке жана гепатитке чалдыккан бейтаптар акцияга чыгышты