Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлдү

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы айрыкча дем алыш күндөрү Бишкек-Кордой, Бишкек-Чопон-Ата жолдорунда көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

Анда кошумча кайгуу күзөттөр коюлганын, ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалда болгон жана каршы тилкеге чыккан айдоочуларга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Башкармалык Бишкекти көздөй багыт алган айдоочуларга тыгында калбаш үчүн мүмкүн болушунча эртерээк жолго чыгууну сунуштады.

Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй келе жаткан жолдо бир канча саатка чейин узун тыгын болгон эле.

Дагы караңыз

Динара Кутманова Камчыбек Ташиевдин дооматтарын четке какты Байсалов: Кыргызстан Starlink спутник системасына лицензия берүүгө даярЭнергетика тармагына жарым жылда 11,3 миллиард сом бөлүндү Салык кызматы: алты айда 440 млрд. сомдук ККМ чектери берилди