Байсалов: Кыргызстан Starlink спутник системасына лицензия берүүгө даяр

Өкмөт тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте америкалык SpaceX компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда Кыргызстанда Starlink жасалма жандоочтук (сателлиттик) интернет системасын колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

"Тараптар Starlink технологиясы аркылуу негизинен алыскы аймактардагы мамлекеттик мекемелерди жана мектептерди интернет менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Жолугушуунун соңунда Байсалов Кыргызстан Starlink системасына лицензия берүүгө даяр экенин билдирди", - деп жазылган маалыматта.

SpaceX компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга мындан туура эки жыл мурда дагы келген эле. Анда Санарип өнүктүрүү министрлиги өлкөнүн алыскы аймактарына интернет жеткирүү маселелери талкууланганын билдирген.

Америкалык миллиардер Илон Маск негиздеген SpaceX компаниясы жакынкы болочокто бүткүл жер жүзүн интернет желеси менен камсыздоону максат кылары айтылган. Буга байланыштуу Starlink долбоорун баштаган болчу.

Дагы караңыз

Орусия Одессаны төртүнчү түнү дагы аткылады, эки адам жараат алдыСалык кызматы: алты айда 440 млрд. сомдук ККМ чектери берилди Энергетика тармагына жарым жылда 11,3 миллиард сом бөлүндү Санкциялык чектөөнүн бузулушу: Киев Бишкектен түшүндүрмө сурадыУКМК жасалма кыргыз паспорту бар чет өлкөлүк кармалганын кабарлады