ВИЧке жана гепатитке чалдыккан бейтаптар акцияга чыгышты

Акциянын катышуучулары.

ВИЧке жана гепатитке чалдыккан бейтаптардын өкүлдөрү бүгүн 21-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында акция өткөрүштү. Алар Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) көзөмөлдөө боюнча республикалык борборду министрликке караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун карамагына өткөрүүгө каршы экенин билдиришти.

Акцияга чыккан он чакты адам мындай реформа жүргүзүүдө министрлик бейтаптардын пикирин эске албай калганын айтып, “борбор институтка өтсө ВИЧке жана гепатитке каршы бөлүнүүчү каражат чачырап кетет” деген оюн билдиришти.

Чогулгандар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков жолугушту.

Алар мекемелерди бириктирүү менен илим изилдөө тармагы өнүгө турганын, жамааттын иши ошол курамда улана берерин, ВИЧ/СПИДге каршы бөлүнгөн акча максатсыз пайдаланылып кеткени тууралуу маалымат бар экенин, ошого көзөмөл жүргүзүлөрүн айтышты.

Быйыл 7-июлда өкмөттө Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесин “Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту” деп атын өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Ага эми Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана кишинин иммункем вирусун (КИВ - ВИЧ) көзөмөлдөө боюнча республикалык борбору кошулат деп айтылууда. Бул борбор мурда "Республикалык СПИД борбору" деп аталчу. (MKt)

Дагы караңыз

Декреттик жөлөк пул жаңы жылдан тартып эки эсе көбөйөтИндияда жүздөй адам жер көчкү алдында калды"Менчик корголуп, укуктар сакталышы керек". Өкмөттүн алты айлык иши, ишкерлердин сунушу Киши өмүрү бөөдө кыйылды, 22си жараат алды. Коомдук транспорт коопсузбу?