Камчыбек Ташиев министрлер эс албай иштеши керектигин эскертти

Өкмөт үйү.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында министрлер эс албай иштеши керектигин эскертти. Өзү таң атпай жумушка келерин, башка жетекчилер дагы ишин эрте башташы керектигин айтты жана өкмөт өкүлдөрүнө көлгө барып эс алууга тыюу салды.

"Айрыкча министрлер, биз көп иштешибиз керек. "Эл дем алып жатат, мен дагы дем алам" дегенди токтотушубуз керек. Көлдө чолок шым кийип, күнгө кактанып жатканыңарды көрбөйүн. Үйүңөрдө дем алгыла, иштегиле. Эмгек өргүүсү деген бизде болбойт. Мисалы, мен бүгүн таңкы сат 5тен бери жумуштамын. Министрлер жумушка саат 8.30-9.00до келесиңер. Андай болбойт. Таңкы саат 6дан баштап жумушта болушуңар керек. Эл жолго чыкканда силер дагы тыгын жасабай, саат 6-6.30да жумушта болушуңар керек. Бул биздин элге көрсөткөн үлгүбүз болот", - деди Ташиев.

Ташиевдин эскертүүсүнө байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров комментарий бере элек.

Өкмөт 20-июлда жыйынга чогулуп, алты айда жасалган ишинин жыйынтыгын чыгарып жатат.

Дагы караңыз

Орусия украин портторуна кеме жөнөтүүнүн "кесепетин" эскертти Ташиев аскердик тармакка 2,5 жылда 120 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирди УКМК АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштады Экономика министрлиги АКШнын санкция тууралуу билдирүүсүнө жооп берди Аламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кызды издөө улануудаОрусия Одессага дагы чабуул жасады, Николаевде 18 адам жараат алды