Орусия Одессага экинчи түн катары менен сокку урду

Одесса.

19-июлга караган түнү Орусия Украинага "Шахед" жанкечти дрондору жана ракеталар менен чабуул жасады. Негизги сокку Одесса облусуна урулду.

Москва Кара деңиз дан келишиминен чыкканын жарыялагандан кийин бул шаарга экинчи түн катары менен чабуул жасап жатат.

Кемеге каршы колдонулчу "Оникс" жана X-22 ракеталары Одесса жана Черноморск портуна жана маанилүү инфраструктурасын бутага алганын Украинанын армиясы билдирди.

Одесса портунун эгин жана мунай терминалдарында цистерналар жана жүктөөчү жабдуулар бузулган.

Маалымат каражаттары бир нече турак жай зыян тартып, алты киши ооруканага түшкөнүн, арасында тогуз жаштагы бала бар экенин кабарлашты.

Шаарда жардыргыч заттар сакталган кампа өрттөнгөнүн Телеграм каналдар жазды. Жергиликтүү бийлик фейерверк сакталган жерге ракета тийип, өрт чыкканын билдирди.

Орус армиясы Киев, Житомир, Днепропетровск жана Херсон облустарына да чабуул койгонун жергиликтүү бийликтер жарыялашты. Москва соңку чабуулдар боюнча комментарий берген жок.

Киевдин эсебинде, шаршембиге караган түнү орус күчтөрү 60тан ашуун ракета, дрон менен чабуул коюп, алардын кыркка жакынынын мизи кайтарылган.

Дагы караңыз

WP: АКШ Кыргызстанга экономикалык чара көрүүгө камынуудаЖол эрежелерин бузгандар төлөгөн айыппулдан 241 миллион сом түштү"Агрессияны колдогондор келбесин". Сындын чордонунда калган орусиялык ырчылар Дан келишими: Кремлдин кадамынын кесепети оор болот