АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынууда. Мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканын The Washington Post басылмасы жагдайдан кабардар аткаминерлерге шилтеме жасап 18-июлда жазды.
Макалада америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.
Басылма Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактар тобунун Казакстанда кармалганына токтолгон. Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүгүнө тиешелүү документтери жок экенин билдирген.
The Washington Post басылмасынын макаласында Кыргызстандын Орусияга экспортунун жалпы көлөмү Москва Украинага кол салгандан кийин 250 %га өскөнү көрсөтүлөт. Америкалык жогорку даражалуу аткаминердин айтымында, тыюу салынган товарларды алган орусиялык фирмалар Орусиянын коргонуу өнөр жайынын белгилүү жеткирүүчүлөрү болгон.
Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги басылмага комментарий берип, өлкөнүн бийлиги эл аралык эрежелерди сактай турганын, аткезчиликти жана мыйзамсыз сооданы токтотууга дилгир экенин билдирген. Ошондой эле кыргыз элчилиги айрым сын көз караштагылар "реалдуу экономикалык жагдайды" көз жаздымда калтырып жатканын белгилеп, Орусия менен Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү экенин, миллиондон ашык кыргыз жараны Орусияда иштеп жүргөнүн кошумчалаган.
Жакында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери The Diplomat басылмасына берген интервьюда санкция темасына токтолгон. Дипломат Кыргызстанды жазалоо максат эмес экенин, болгону өлкө санкцияны кыйгап өтүүчү жерге айланбашы керектигин айтып, андай болсо, аброюна көлөкө түшөрүн түшүндүрүү зарыл деп эсептейт. Вигери бул жагынан кыргыз тараптан айрым аракеттер байкалганын кошумчалаган.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун июнь айындагы иликтөөсү Москва Украинага кол салгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда түзүлгөн компаниялар санкцияга туш болгон, Батышта чыгарылган кош багытта колдонулуучу товарларды Орусияга жөнөтүп жатканын көрсөткөн.
2022-жылы орус аскерлери Украинага кол салган соң Европа Биримдиги, АКШ, Улуу Британия, Австралия, Жапония баштаган өлкөлөр Орусияга санкцияларын кескин күчөткөн. Анын ичинде орус жергесине доллар жана евро банкнотторун түз ташып кирүүгө чектөө коюлуп, бир катар тармактардагы товарларды экспорттоого да тыюу салынган.
Бирок аскердик техникага керектүү тетиктер жана башка ар кандай товарлар Орусияга үчүнчү өлкөлөр аркылуу кирип жатканы айтылып келет. Буга байланыштуу Батыш Борбор Азия өлкөлөрүнө санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшпөө керектигин, эреже сакталбаса, кесепети болорун эскерткен.
Дагы караңыз
Иликтөө: Кыргыз жана казак компаниялар Кремлдин согуштук керегине жарадыбы?Согуш жана санкция: Орусия Борбор Азияны кантип колдонууда?Евробиримдик Өзбекстандын эки компаниясына санкция салдыЕвробиримдик Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун активин камакка алдыбы? Кыргызстан-Германия: кызматташтык, соода, согуш жана санкция