Масимов "Терроризмди каржылоого байланышы бар уюмдар менен адамдардын" тизмесине киргизилди

Карим Масимов

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов "Терроризм жана экстремизмди каржылоого байланышы бар уюмдар менен адамдардын тизмесине" киргизилди. Финансылык мониторинг агенттигинин маалыматына ылайык, ал реестрге 1-июлда камтылган. Андан тышкары тизмеде Масимовдун мурдагы эки орун басары Ануар Садыркулов жана Даулет Ергожинди көрүүгө болот. Үчөө тең апрелде Январь окуяларына байланыштуу узак мөөнөттөргө кесилген.

Масимов "мамлекеттик чыккынчылык", "бийликти күч менен басып алуу аракети", "кызматынан кыянат пайдалануу" боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ишенимдүү адамы саналчу. 2022-жылдагы кандуу Январь окуясы маалында кызматынан алынып, камалган. Анын биринчи орун басары, Назарбаевдин инисинин баласы Самат Абиш да кызматтан алынган. Бирок ага айып тагылган эмес.

Масимовдун өкүмү 17-июнда күчүнө кирген. Апелляциялык сот аны жумшартып, жаза мөөнөтүн өтөгөн жерин гана өзгөрткөн. Экс-башкы чекист бардык офицердик наамдардан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылып, өмүр аягына чейин малекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынды.

БУУнун атайын тобу казак бийлигин Масимовдун ишинин адилет жана толук иликтенишин камсыздоого чакырган.

"Азаттыктын" казак кызматы жазганына караганда, жаран экстремисттик же террордук кылмыш жасаган деп соттолуп, өкүмү күчүнө киргинден кийин агентик аны сөз болгон тизмеге киргизе алат.

Казакстанда былтыр 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер тутанып, кийин кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Укук коргоочулар бул сан мындан көп деп эсептешет.

Дагы караңыз

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду Диплом чыры: Исмаилов менен Алимжановдун доо арызы сотто каралуудаКыргызстандан Британияга утурумдук жумушка 5230 адам жөнөтүлдү Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууга "жооп болорун" айтты