Президент Жапаров мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга кол койду

Мектеп жашындагы балдардын окуу китеби.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Мыйзамды 31-майда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Президенттин сайтында анын жоболору кенен жазылган жана расмий тил катары орус тили пайдаланары белгиленген.

“Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу”, - деп жазылат сайттагы маалыматта.

Аталган конституциялык мыйзамынын жаңы редакциясы былтыр күздө коомдук талкууга чыгарылган. Демилгечиси - өкмөт, документти Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссия иштеп чыккан.

Жаңы мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдары, менчиктин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишмердүүлүгүн кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттүү болот.

Шайлоого, референдумдарга даярдык жана аны өткөрүү, соттук өндүрүш, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргызча болуп, эл аралык келишимдерди түзүү, нормативдик актыларды, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар жана товардык белги, фирманын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ.

Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет. (TSh)

Дагы караңыз

Түркстанда беш жашар кыздын өлүмүнө шектүү эки айга камалды