Орусия дан келишимин токтотконун жарыялады

Иллюстрация

Орусия Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоо келишимин токтотту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 17-июлда билдирип, муну Москва койгон шарттар аткарылбаганы менен түшүндүрдү.

Песков талаптар аткарылар замат Кремль келишимди жандантууга даяр экенин белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Түркияга, Украинага жана БУУнун катчылыгына маалымат берилгенин айтты.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда жетишилген. Келишимдин мөөнөтү үч жолу узартылды. Андан бери Украинадан 30 миллиондон ашуун тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

Орусия дан келишимин узартуу үчүн койгон шарттардын бири - "Россельхозбанкты" SWIFT эл аралык банктык төлөм системасына кайра кошуу. Москва ошондой эле Украина аркылуу Европага аммиакты тоскоолдуксуз жеткирүүнү талап кылууда.

Дагы караңыз

"Эс алган жерден да кармап жатышат". Стамбулда мигранттарды текшерүү күчөдү Чаткал: "Аташ-Чапкандын" экологиялык экпертизасы текшерилет "Депутаттардын этикасы боюнча көп кайрылуу болду"Президенттик администрация Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан долбоор сунуштады