Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 16-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Ош облусунун өрөөнүндө, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34 градуска жетет.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 градус болот.
Дагы караңыз
Hyundai жана Kia заводдорун Кыргызстанда ачуу сунушталдыАкылбек Жапаров БУУнун өкүлү менен жашыл экономикага инвестиция тартууну сүйлөштүСелекция жана Арча-Бешик жаңы конуштарына таза суу кезек менен берилүүдөОрус армиясы түндө Украинага дрон менен чабуул жасадыБлогер Улукбек Карыбек уулу боюнча материалдар сотко өттү