Hyundai жана Kia заводдорун Кыргызстанда ачуу сунушталды

Министрлер кибинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алды. Тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Жапаров Кыргызстан “Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карай" турганы белгилеген. Анын айтымында, акыркы жылдары эки тараптуу сооданын көлөмү туруктуу темпте өсүп жатат жана ал пандемияга чейинки деңгээлден ашкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы учурда Кыргызстанга автоунаа импорттоо боюнча Түштүк Корея биринчи орунда экенин белгилеп, Hyundai жана Kia сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Өлкөдө гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы, мейманкана комплекстерин куруу жаатындагы ири кореялык ишканалардын жана корпорациялардын болушуна кызыкдар экенин белгиледи.

Чонг Ву Тэк эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү потенциалды белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишин жакшыртуу” долбоору боюнча макулдашууга кол коюшту.

Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти 14-июлда президент Садыр Жапаров кабыл алган. Мамлекет башчы эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгилеп, Кыргызстандын жарандарына виза берүүнүн жеңилдетилген тартибин карап чыгуу маселесин да көтөргөн.

Чонг У Тэк бул сунуштар Түштүк Кореянын өлкө башындагыларга жеткириле турганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров БУУнун өкүлү менен жашыл экономикага инвестиция тартууну сүйлөштүОрус армиясы түндө Украинага дрон менен чабуул жасадыБлогер Улукбек Карыбек уулу боюнча материалдар сотко өттүАйсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик мелдеште алтын медал тагынды