Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев 13-июлда Чүйдөгү “Маловодное” салмак-габаритти көзөмөлдөө бекетин күтүүсүз текшерди. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда мындай жайлардагы коррупциялык схемаларды жоюу, көзөмөлдү күчөтүү жана санариптештирүү жараяны мындан ары дагы уланарын айтты.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө Бариев күн ысыкта жолго чыгып, токтотулган оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын арыз-муңун укту. Ал бул чаралар жолдордун талкаланышын алдын алуу максатында киргизилгенин билдирип, эгер кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө боло турган болсо, жеке билдирип коюу үчүн уюлдук номурун калтырды", - деп жазылган маалыматта.
Ушул жылдын апрель айында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев мындай бекеттерди күтүүсүз текшергенин, бир күндө эле 546 миң сомдон ашык айып пул салынганын билдирген.
Кыргызстанда кан жолдордо жалпысынан 20дан ашык салмак-габаритти көзөмөлдөө бекети бар.
Буга чейин быйылкы жылдан тартып өлкөдо оор жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө иши башынан аягына чейин автоматташтырылып, адамдык факторду толугу менен жоюу пландалып жатканы айтылган. Мындай бекеттердин кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар болгон.
Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, нормаларды сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жууп, жемкорлук орногону айтылып келет.
Аталган министрлик Кыргызстанда 1-июндан 1-сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгуусуна чектөө киргизген.
Дагы караңыз
ИИМ июлда 94 тоннадан ашык кара куурай жок кылынганын билдирдиAzattyk.org сайтына коюлган бөгөт алындыТИМ: Астанада мушкер сабаган кыргызстандыктын иши көзөмөлдө Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга эки талапкер арыз берди