ИИМ июлда 94 тоннадан ашык кара куурай жок кылынганын билдирди

Архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) июль айында "Мак-2023" операциясынын алкагында кара куурайды жол кылуу иш чарасынын биринчи этабы өткөнүн билдирди. Ага ылайык, өлкөдө 70тен ашык топ түзүлгөн жана жалпысынан 94 тоннадан ашык кара куурай жок кылынган.

"Бул айда Бишкек шаарында 2,3 гектар жерден 3 тонна 420 килограмм, Чүйдө 8,5 гектарга жакын жерден 7 тонна 400 килограмм, Ысык-Көлдө 114 гектар жерден 38 тонна 727 килограмм, Таласта 0,5 гектар жерден 1 тонна, Жалал-Абадда 428,8 гектар жерден 25,5 тонна, Ошто 9,5 га жерден 8 тонна 675 килограмм, ал эми Баткенде 28,5 гектар жерден 9 тонна 300 килограм кара куурай орулуп өрттөлгөн",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан 2020-жылдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизаттар боюнча комиссиясынын кара куурай жана кара куурайдын чыйыры өзгөчө кооптуу баңги заттардын тизмесинен чыгарылышына каршы добуш берген.

ИИМ мындай чечимди өлкө аймагында кара куурай 10 миң гектардан ашуун жерде өсөрү жана ага каршы чараларды жумшартуу өлкөдөгү наркологиялык кырдаалга тескери таасир тийгизиши ыктымалдыгы менен негиздеген.

1961-жылы БУУ кара куурайды көзөмөлдөөгө байланыштуу өтө катаал чаралардын тизмесин бекиткен Бирдиктүү конвенцияны кабыл алган.

2019-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара куурайды ал тизмеден чыгарууну суранып БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясына кайрылган.

2020-жылдын аягындагы добуш берүүдө БУУнун комиссиясынын 27 мүчөсү макулдугун берип, 25и каршы чыгып, чечим кабыл алынган.

Дагы караңыз

Azattyk.org сайтына коюлган бөгөт алындыАшимбаева: "Ай Кью" мектеби былтыр 19 балага аттестатты мыйзамсыз берген Пентагон Украинага кассеталык ок-дарылар жеткирилгенин ырастады ТИМ: Астанада мушкер сабаган кыргызстандыктын иши көзөмөлдө Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга эки талапкер арыз берди