13-июлдун кечинде “Азаттык” радиосунун YouTube каналы хакердик чабуулга кабылды. Мындай чабуул болгонун Google корпорациясынын YouTube командасы ырастады. Ушул тапта каналдын ишин толук калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Азырынча каналга ким, кандай максатта чабуул койгону такталууда.
“Азаттыктын” соңку видеолорун башка социалдык тармактардагы баракчаларыбыздан көрүп турсаңыздар болот.
Мындан тышкары azattyk.org сайты 14-июлдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында ачылышы керек. Эгерде аzattyk.org дарегиндеги сайтыбыз ачылбай жатса, кайсы интернет провайдери жана кайсы аймакта экенин жазып, бизге кабар бериңиз.
WhatsApp: +996550988755
Telegram: +996550988755
Электрондук почта: azattyk@rferl.org
Дагы караңыз
Европарламенттин резолюциясы, Бишкектин реакциясы"Азаттыктын" сот иши токтотулду, Европарламенттин резолюциясыАКШ элчиси: Жаңы келишим эки тарапка тең мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтмек"Цензурага жол ачат". Жарандык коомду чочулаткан жаңы мыйзам