Орус армиясы Украинаны дрон менен аткылоону улантып жатат

Орус армиясынын дрону жарылып жаткан учур. Киев. Украина. 13-июль, 2023-жыл.

14-июлда Украинанын бир нече аймактарында коркунуч тууралуу эскертүү жаңырды.

Днепропетровск облусундагы Кривой Рог шаарында украин күчтөрү орус армиясынын алты дронун абадан жок кылганын аймак жетекчиси Сергей Лысак Телеграмга жазды.

"Баарын жок кылууга мүмкүн болбоду. Кривой Рогдо коммуналдык ишкана жабыркады",- деген Лысак андан тышкары транспорттук ишкана жана бир нече имарат талкаланып, бир тургун жеңил жараат алганын кошумчалады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, соңку бир суткада Донецк облусунда отуздай кагылышуу катталган, айыгышкан кармаш уланууда.

Украин армиясы түштүктө, орусиялык күчтөр чыгышта чабуул коюп жатышканы маалым болду.

Дагы караңыз

45тен ашык бинардык опцион жабылып, кылмыш иши козголдуAzattyk.org сайтына коюлган бөгөт алындыДепутат Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштады