Балыкчыда иштеп, айлыгын ала албай жатканын айтып чыккан 20дай түрк жумушчуларынын иши кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирилип жатат.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айбарчын Батырбекова 13-июлда билдирди.
Буга чейин Балыкчыда туннел калыптарын жасаган түркиялыктар акыркы төрт айдан бери эмгек акысын ала албай жатканын билдиришкен. Кыргызстанга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов жана котормочу Чыңгыз Эрмеков аркылуу келгенин айтышкан, президент Садыр Жапаровдон жардам сурашкан. Акчасыз калганын, Бишкектин ар кайсы жеринде башкалкалап жүргөнүн белгилешкен.
Кайрылууда аты аталган Чыңгыз Эрмеков айлыкты түрк жумушчуларынын башында турган Жүнейт Бояр деген кишиге толук бергенин "Азаттыкка" маалымдады. Жүнейт Бояр Эрмековдун сөзүн төгүндөдү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Туркиянын Бишкектеги элчилиги комментарий бере элек. (MKt)
Дагы караңыз
Орусия: депутат Миронов Борбор Азия менен виза режимин киргизүүнү сунуштады"Алтынды өзүбүз бөлүп алабыз". Кыргыз өкмөтү жактырган монгол тажрыйбасыЕвропарламенттин резолюциясы, Бишкектин реакциясы