Астана шаардык соту Рузахуновдун арызын канааттандырган жок

Викрам Рузахунов.

Астана шаардык соту Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлеринен токмок жеген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун апелляциялык арызын канааттандырган жок.

Бул тууралуу Рузахуновдун Инстаграмдагы баракчасына жарыялангандай, сот отуруму 12-июлда өткөн. Ага Рузахунов онлайн форматта катышкан.

Анын жактоочусу отурумду Zoom платформасы аркылуу өткөрүүнү өтүнгөн, бирок сот аны “техникалык мүмкүнчүлүктүн жетишсиздигинен улам” канааттандырган эмес. Ошентип отурум байкоочулардын катышуусу жок өткөн.

Адвокат Рузахунов сабалгандан кийин сурак берип жаткан видеосу Казакстандын Ички иштер министрлиги аркылуу тарап кеткенине кайрылып, буга тиешеси бар кызматкерди аныктоо өтүнүч келтирди.

Маалыматта Ички иштер министрлиги биринчи инстанциянын чечимин күчүндө катырууну өтүнүп, бирок буга жетиштүү далилдерди келтире албаганы айтылат. Отурумдун соңунда судья райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, апелляциялык арызды канааттандырган эмес.

19-майда Астана шаарынын Алматы райондук соту Рузахуновдун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Казакстандын ИИМине каршы доо-арызын карап, канааттандырбай койгон.

Рузахуновдун адвокаттары ал тууралуу тараган маалыматты чындыкка коошпойт деп таанууну жана ИИМди эл алдында кечирим суроого милдеттендирүүнү суранышкан. Сотто милиция кызматкерлери көрсөтмө берип, Рузахунов тартылган видеону "Алматы" телеканалынын журналисттери тартып кеткенин айтышкан. Бирок 2022-жылдын январындагы кандуу окуяларда бул телеканал жабык турганы маалым болгон.

Былтыр Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабаган. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана коё берип, Бишкекке жөнөткөн.

Дагы караңыз Башкы прокуратура: Рузахунов жана Сыдыков боюнча тийиштүү материалдар казак тарапка жөнөтүлдү

Дагы караңыз

Улуу Үркүндүн курмандыктары эскерилетКазакстандык мушкер Бейбит Шуменов адам сабоого шек саналуудаЖакупова Европарламенттин резолюциясын "акыркы эскертүү" деп бааладыCPJ: Кыргыз бийлиги "Азаттыктын" эркин иштөөсүнө шарт түзүшү керек