Улуу Үркүндүн курмандыктары эскерилет

Үркүн тууралуу иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш быйыл 11-13-августта өтөт. Бул тууралуу бүгүн 13-июлда “Азаттык” радиосуна “Тосор коому” уюмунан билдиришти. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда быйыл үчүнчү жыл уюштурулуп жаткан жүрүштүн (трекинг) катышуучулары бул жолу эки топко бөлүнүп алып Тосор, Токсо-Булак, Дуулат-Булак, Кайыңды, Алтын-Күңгөй, Ашуу-Төр жерлеринде болуп, Үркүндүн курмандыктарын эскеришет.

Уюштуруучулар 1916-жылкы эгемендик үчүн болгон улуу көтөрүлүштү эскерүү “Толук эгемен келечек үчүн, аталарыбыздын эгемендик күрөшүнө таазим кылуу үчүн, көмүскө калган тарых барактарын урпактардын эс-тутумунда бекиши үчүн, манкурттуктан кутулуу үчүн” өткөрүлүп жатканын белгилешти.

“Тосор коомунун” алгачкы эскерүү жүрүшү 2021-жылы өткөн. Трекинг түрүндө уюштурулган акцияга 50 чакты адам катышкан, алар жалпысынан 27 чакырым жерди жөө басып өтүшкөн. Былтыркы жүрүшкө жүздөй адам катышкан.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү тоо аралап Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилеп келишет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)

Дагы караңыз

Казакстандык мушкер Бейбит Шуменов адам сабоого шек саналуудаЖакупова Европарламенттин резолюциясын "акыркы эскертүү" деп баалады"Отчество" ордуна "тегинди" тандаган мекендештерCPJ: Кыргыз бийлиги "Азаттыктын" эркин иштөөсүнө шарт түзүшү керек