Киев менен «Чоң жети» Украинанын коопсуздугу тууралуу декларацияга кол коюшту

"Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттердин лидерлери жана Украинанын президенти. 12-июль, 2023-жыл. Вильнюс, Литва.

«Чоң жетиге» кирген кубаттуу мамлекеттердин лидерлери жана украин президенти НАТОнун саммитинин жыйынтыгында Украинаны колдоо боюнча декларация кабыл алышты.

Анда «Чоң жетиге» кирген мамлекеттер Украинанын коопсуздугун жана коргонуусун узак мөөнөттүү эки тараптуу келишимдердин негизинде камсыздоого милдеттенме алышты.

Ошондой эле анын алкагында Киевге көбүрөөк коргонуу техникасы берилет, чалгын маалыматтарын алмашуу тездетилет жана кеңейтилет, кибер жана гибрид коркунучтарынан коргоо жаатындагы колдоо күчөтүлөт, Украинанын өндүрүштүк базалары өнүктүрүлөт.

Кремль дароо бул макулдашууну "мүчүлүштүк" деп сынга алды.

"Биз муну ойлонулбаган жана келечекте коркунуч туудуруучу кадам деп эсептейбиз",- деди маалымат катчы Дмитрий Песков.

Ал ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Батыш мамлекеттери Украинага коопсуздук кепилдиктерин сунуштоо менен Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын билдирди.

«Чоң жетиге» АКШ, Германия, Жапония, Франция, Канада, Италия жана Британия кирет.

Дагы караңыз

АКШ "Азаттыкка" каршы сот иштеринин токтотулушун кубаттады Бишкектеги заманбап Перинаталдык борбордун курулушун немис өкмөтү каржылоодо"Унаа" ишканасы жасалма айдоочулук күбөлүк үчүн жаза чарасын эскертти Гедмин: «Азаттык» өз аудиториясына такталган маалыматты жеткире берет