Казакстандык мушкер Бейбит Шуменов адам сабоого шек саналууда

Казакстандык мушкер Бейбит Шуменов. Видеодон алынган кадр.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Кайрат Сунтаев Астанадагы соода жайларынын биринде болгон эки адамдын мушташы тууралуу пикирин билдирип жатып, алардын бири белгилүү казакстандык мушкер Бейбит Шуменов экенин ырастады.

"Бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду. Ал көптөн бери бокс менен алектенет, экспертизанын жыйынтыгын күтөлү. Кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Ал катуу жазаланат", - деди Сунтаев.

Социалдык тармактарда тараган видеодо мушкер колуна бала кармап турган адамды урганын көрүүгө болот. Жабырлануучу кыргыз жараны экени кабарланды.

Шуменов Tengrinews басылмасына берген комментарийинде "бала кармап турган адамга кол салбай эле, тескерисинче коргонгонун" айткан.

Спортчунун пикиринде, маселе полиция бөлүмүндө тынч жол менен чечилген. Ал окуянын коомго жайылып кетишине "үчүнчү тараптын кызыкчылыгы бар" деген ишеничте.

Дагы караңыз

Жыл сайын сууга секирип каза болгон 10-12 учур катталууда "Өз ара таасир талашууда". Кен байлыктарга кынык алган уюшкан топторЗеленский "Чоң жетинин" Украинанын коопсуздугу боюнча келишимин колдоду