Январь окуясында аэропортту басып алды деп айыпталгандар абакка кесилди

Калас Нурпейисов сот отурумунда.

Казакстандын соту Январь окуясында Алматы эл аралык аэропортун басып алуу иши боюнча 11-июлда өкүм чыгарды.

"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, сот журналист Айгерим Тлеужанды төрт жылга, активисттер Калас Нурпейисов, Нурлан Далибаев, Ермухамет Шилибаев жана Жанайдар Карменовду сегиз жылга кести.

Соттолуучулар жана алардын жактоочулары жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти. Адвокаттар иш көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулар менен сотко өткөн деп эсептешет.

Сот былтыр мартта башталган. Тергөөнүн версиясында Айгерим Тлеужан менен Калас Нурпейисов аэропорттун аймагында “коомдук тартип бузууларды уюштурганы” белгиленген. Айыпталуучулар муну четке кагышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер 2022-жылы 2-январда башталган. Бир канча күнгө созулган тополоң башка аймактарга да жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Дагы караңыз

Кыргыз медицинасын сынаган “Кара июлга” үч жылБишкек: үч адамды өлтүрүүгө шектүү сотто күнөөсүн мойнуна алган жок "Цензурага жол ачат". Жарандык коомду чочулаткан жаңы мыйзам