Өзбек-казак чек арасын демаркациялоо иши аяктады

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо ийгиликтүү аяктаганын Астана жарыялады. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров макулдашуу 4-июлда күчүнө киргенин айтты.

"Макулдашууга 2022-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол коюп, парламенттер ратификациялаган. Бул келишимдин күчүнө кириши – Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча 19 жылдык жараяндын толук аяктаганын билдирет", – деди Смадияров.

Ал 2 357 чакырымга созулган чек арага 1 301 чек ара белгиси орнотулганын кошумчалады.

Ташкент азырынча маалымат бере элек.

Дагы караңыз

Орусияда ашынган улутчул Тесактын шериктери мигранттарды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылдыАкыйкатчы: Үй-бүлөдө зомбулук көргөндөрдүн көбү билимсиз жана жумушсуз кыз-келиндерАкылбек Жапаров "Мекен-карт" берүү иштери солгун экенин эскертти