Индиядагы катуу жаан жана сел 72 кишинин өмүрүн кыйды

Индиядагы жаандын кесепети.

Индияда соңку бир айга жетпеген убакытта катуу жаан жана селден 72 адамдын өмүрү кыйылды.

Жаан-чачын өлкөнүн түндүгүндө айрыкча апаат алып келгенин Reuters агенттиги жазды. Набыт кеткендердин көбү Химачал-Прадеш, Уттаракханд, Уттар-Прадеш, Жамму, Кашмир жана Пенжаб штаттарынын тургундары

Дарыялардан ташыган суу айрым аймактарда көпүрөлөрдү алып кетти. Адамдарды куткаруу үчүн тик учактар колдонулду.

Борбор шаар Делиде окуу жайлар жабылды. Шаардын кээ бир жолдору тизеге чейин сууга толду. Адистер мындай жамгырлуу аба ырайы 40 жылдан бери биринчи жолу болуп жатканын белгилешүүдө.

Дагы караңыз

ЕККУ Өзбекстандагы президенттик шайлоо тууралуу корутунду жарыяладыҮч кишинин өлүмүнө шектүүнүн соту ачык өтөт Акылбек Жапаров "Мекен-карт" берүү иштери солгун экенин эскертти