Мамлекеттик ишмер Жаныш Рустенбеков дүйнөдөн кайтты

Жаныш Рустенбеков.

Мамлекеттик ишмер Жаныш Рустенбеков 74 жашында көз жумганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 11-июлда билдирди.

Рустенбеков 1993-1995-жылдары мамлекеттик катчы, президенттин администрациясынын жетекчиси, кийин Ош облусунун губернатору, Токой чарба агенттигинин директору болуп иштеген.

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, 2005-2007-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган.

2007-2022-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы элчиси кызматын аркалаган.

Маркум эмнеден улам кайтыш болгону, тажыясы качан болору жана сөөгү кай жакка коюлары маалымдала элек.

Дагы караңыз

Бишкектеги №17 мектептин хореографы өз жанын кыйганы кабарландыЧаткалда адам атууга шек саналган тургун эки айга камалды "Кумтөр": биринчи кварталда 36,9 миллион доллар таза киреше түштүКраснодарда мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарын атып кетишти