Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы тамактануучу жайлардын биринде газ баллон жарылгандан кийин адам өмүрү кыйылган окуяны териштире баштады.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
9-июлда Ош шаарында “Алай” курулуш базарынын жанындагы тамактануучу жайдан газ баллон жарылып, базарга келген 37 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну көз жумган.
Милиция кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин билдирди.
Кыргызстанда газ баллондун жарылышынан улам адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да катталган.
2019-жылы 8-ноябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "Антошка" тез татым жайында газ баллон жарылып, бир адам мерт болгон. Сегиз адам ар кандай деңгээлде жараат алган. Арасында өспүрүмдөр да бар.
2021-жылы Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тез тамактануучу жайда газ баллон жаралып, бир кишинин өмүрүн алган. 4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда жарылган газ баллондон 11 адам жараат алып, ооруканага түшкөн.
Дагы караңыз
Бишкектеги №1 тергөө абагы шаар сыртына көчүрүлөт Путин "куралдуу козголоңдон" кийин Пригожин менен жолукканУкраинадагы согушка 500 күн. НАТО Киевдин маселесин талкуулайтОрусиялык генерал Герасимов "куралдуу козголоңдон" кийин биринчи жолу элге көрүндү