Орусиянын Коргоо министрлиги 10-июлда Башкы штабдын жетекчиси, Украина аймагындагы Бириккен Күчтөр тобунун командири Валерий Герасимовдун видеосун жарыялады.
Бул 23-24-июндагы "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин уюштурган "куралдуу козголоңдон" берки генералдын алгач ирет коом алдына чыгышы. Буга чейин анын кызматтан алынганы тууралуу кептер тараган.
9-июлда тартылды делге видеодо Герасимов аскердик жетекчилердин баяндамасын угуп, Украинадагы ракеталык обьектилерди жок кылуу тууралуу буйрук бергенин көрүүгө болот.
Пригожиндин "козголоӊунан" бир нече күн өткөндөн кийин таанымал командирлер коомго көрүнбөй калган. Пригожин Валерий Герасимовду катуу сындап келген.
67 жаштагы Герасимовду Путинге берилген киши деп мүнөздөшөт.
Министрлик жарыялаган видеодо Бириккен Күчтөр тобунун командиринин орун басары, генерал Сергей Суровикин көрүнгөн жок. Анын кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз. Айрымдар ал камалганын жазса, башкалары сурактан кийин кое берилген деген маалыматтарды таратууда.
Дагы караңыз
Эки айдан бери суусу жок отурган айылдарга таза суу берилдиБаткендеги жоокердин өлүмүн аскер прокуратурасы иликтеп жататМонголия: Жапаров жез өндүргөн заводдун иши менен таанышты