Орус армиясынын Украинанын Лиман шаарына урган соккусунда курман болгондор тогуз кишиге жетти. Жараат алгандар 13 адам экенин Донецк облустук администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Орусиянын армиясы 8-июлда, эртең мененки саат 10дордо калааны ракета менен аткылап, турак жайлар жана дүкөн зыян тартты.
Мунун алдында Кривой Рогдо дрондордун чабуулунан бир адам жараат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланган.
Орусия бул чабуулдарга байланыштуу комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.
Дагы караңыз
Өзбекстанда шайлоочулардын теңинен көбү добуш бердиАКШ Эван Гершковичти алмашуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдөИИМ оң рулдуу машиналар жол кырсыгына көп кабылып жатканын билдирди