Өзбекстанда 9-июлда өтүп жаткан президенттик шайлоодо саат 14:00гө карата 10 миллиондон ашуун жаран добуш берип, катышуу 52% ашканын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Бул көрсөткүч өлкөдө президенттик шайлоо өттү деп эсептөөгө негиз болот. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат.
Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышууда.
Шайлоодо оппозициядан талапкер жок. Ага катышууга аракет кылган Хидирназар Аллакуловдун “Чындык жана тилектештик социал-демократиялык партиясын" Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн эмес. Буга талапкерди колдогондордун колтамгалары жетишсиз экени жүйөө келтирилген.
30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү берилди.
36 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда шайлоодо добуш берүү укугуна ээ жарандардын саны 19 миллион 270 миңден ашат.
Дагы караңыз
Кыргызстандык фуралар казак-орус чек арасынан өтө албай турушатӨспүрүмдөр абагында сегиз балага аттестат жана күбөлүк берилди"Бийликти басып алууга" шек саналгандардын бөгөт чарасы 21-июлда каралат Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр 10 саатка чейин созулат