"Бийликти басып алууга" шек саналгандардын бөгөт чарасы 21-июлда каралат

Гүлжигит Исаков, Роза Нурматова, Чолпонбек Сыдыкбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” деген айып менен кармаган төрт кишинин бөгөт чарасы 21-июлда каралат. Бул тууралуу кармалгандардын бири Гүлжигит Исаковдун жактоочусу Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту шектүүлөрдү эки аптага камакка алуу чечимин чыгарып, кийин камак мөөнөтү узартылган. Адвокат Исаков менен жакындары жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын кошумчалады.

Азырынча кармалгандар боюнча расмий органдардан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

7-июнда атайын кызмат кармаган беш кишинин төртөө эки аптага камакка алынып, бирөө үй камагына чыгарылган. Сот УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Роза Нурматованы, Гүлжигит Исаковду жана дагы эки кишини 21-июнга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Ал эми Чолпонбек Сыдыкбаевди тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыккан.

УКМК 6-июнда масштабдуу башаламандык акцияларын уюштуруп, натыйжада бийликти күч менен басып алууга бир жылдан бери жашыруун даярдык көрүп жүргөн адамдар тобу аныкталганын, алардын башында “Элдик кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова турганын, чогултулган аудио жана видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголгонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бул топко ар кайсы аймактардан 100дөй адам тартылган, 5-июнда 30дан ашууну УКМКга суракка чакырылып, алардын бешөө кармалган.

Роза Нурматова 2010-жылдан кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын штабын башкарып, ошол учурдагы бийликке оппозиция болгон.

“Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү катары белгилүү Гүлжигит Исаков 2019-жылы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдоо митингине катышкандан кийин милиция анын ата-энесинин үйүнө барып, бир тууганын суракка чакырган. Исаков азыркы бийликтин айрым иштерине нааразы экенин ачык айтып, Кемпир-Абад маселеси боюнча өз позициясын билдирип жүрчү.

Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучусу. Ал эми кармалгандардын арасынан калган экөөнүн аты-жөнү азырынча белгисиз болууда. (TSh)

Дагы караңыз

ИИМ оң рулдуу машиналар жол кырсыгына көп кабылып жатканын билдирди