Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун 38 жаштагы Ж.С.К аттуу тургуну октон жараат алып оор абалда ооруканага түштү. Облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, окуя 7-июлда 14.30дар чамасында болгон. Ага бир канча жолу ок чыгарган 30 жаштагы С.Ж.С аттуу жаран кармалып, милициянын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул фактыны тергеп-иликтөө жүрүп жатат.
Айрым маалыматтарга караганда, жараат алган жана ок чыгарган адам дагы уюшкан кылмыш тобуна тиешеси болгон. Бул маалыматты милиция азырынча ырастай элек.
ИИМдин маалыматына ылайык, ушул тушта 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17синин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши: келерки соттук отурум 20-июлга белгилендиЭрдоган Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу экенин айттыАрабаев университетинин бир корпусунун ордуна мектеп ачылат АКШ Украинага кассеталык ок-дары берилерин расмий бышыктадыСадыр Жапаров циркти күтүүсүз текшерди