Садыр Жапаров циркти күтүүсүз текшерди

Садыр Жапаров цирктин имаратынын абалы менен таанышып, жамаатынын арыз-арманын укту.

Президент Садыр Жапаров 7-июлда Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик циркти текшерди. Басма сөз кызматы анын бул жайга күтүүсүз барганын, имараттын абалы менен таанышып, жамаат менен жолукканын билдирди. Анда Жапаров цирк толугу менен оңдолорун айтты.

“Буга чейин цирктин аянычтуу абалы тууралуу бир нече жолу маалымат тараган. Жапаров циркти оңдоо долбоору даярдалганын, акча бөлүнүп, жакында иш башталарын белгиледи. Мындан сырткары, мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов директору кызматына талапкерлерге сынак өтүп жатканын айтты. Буга байланыштуу Жапаров жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүү үчүн биргеликте умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды”,-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айдын башында Фархад Бекманбетов цирктин директору кызматынан кеткен. Ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып, мекемени ал жетектеп турганда циркти оңдоого каражат такыр бөлүнбөгөнүн, маданият министрлери улам-улам алмаша берип, реформалоо аракеттери ишке ашпай калганын айткан. Бекманбетов бул кызматка 2019-жылы дайындалган. Буга цирктин айрым кызматкерлери каршы болуп, нааразылык акциясына чыгышкан.

Жамааттагы пикир келишпестик 2010-жылдардан бери эле уланып келе жаткан. Циркте 20 жылдан бери иштеп келе жаткан каскадёр Асланайым Аширова имарат кейиштүү абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын социалдык тармактарга чыгарып жүргөн. Бекманбетов өзү тууралуу дооматтарды четке каккан.

2022-жылы маданий жайдын капиталдык ремонтунун жалпы чыгымы үчүн 211 млн. сомдон ашык каражатка смета даярдалып, өкмөткө көрсөтүлгөн. Өкмөт убада кылып келгени менен ушуга чейин акча бөлүнгөн эмес.

Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлгөн. Учурда бул мекемеде 130 кызматкер иштейт. Анын кыркка жакыны чыгармачыл жамааттын өкүлдөрү.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Миллер менен газдаштыруу маселесин сүйлөштүЖогорку Сот кабарчылар сотко кысым жасаган учурлар көбөйгөнүн айтты