Украинанын НАТОго кириши боюнча маселе Вильнюстагы саммитте каралат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселде маалымат жыйын өткөрүп жатат. Бельгия. 6-июль, 2023-жыл.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 7-июлда өткөн маалымат жыйында билдиргендей, кийинки аптада Вильнюста өтө турган саммитте Украинанын Түндүк Атлантика альянсына кирүүсүн тездете турган программа кабыл алынышы мүмкүн. Столтенберг мүчө мамлекеттердин лидерлери үч баскычтан турган программаны колдоп берерине үмүттөнөрүн кошумчалады.

Программанын алкагында лидерлер Украина НАТОго мүчө болорун ырасташат жана бул максатка жетүү үчүн биргеликте иш алып барышат.

Ошондой эле Литванын баш калаасында өтө турган эки күндүк жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катышары күтүлүп жатат. Альянска мүчө мамлекеттер Киевдин НАТОго кошулуусу боюнча бирдиктүү жообун берише элек.

Чыгыш Европадагы мамлекеттер согуш бүтөрү менен НАТОго мүчө болуу тууралуу Украинанын сунушун колдоп келишет. Ал эми альянстын негизги державалары 2008-жылы берген убадаларын сактай турганын билдиришкен. Анда Украинанын НАТОго кошулуусу кайсы бир мөөнөт менен чектелбеши керек экени айтылган.

Зеленский өзү же анын маалымат кызматы украин президенти НАТОнун саммитине катышары тууралуу маалыматты ырастай элек.

Мурдараак эгер альянска мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинаны катарына кошуу боюнча процессти баштоодон баш тартышса, Зеленский саммитке катышпай турганы кабарланган.

Дагы караңыз

Пакистандыктар Швецияда Курандын өрттөлүшүн айыптап, митингге чыгыштыБажыдагы жемкорлук: президенттин тууганы эмне үчүн камалды?Ошто кримчөйрөнүн өкүлү Умар Маратовдун үстүнөн зордуктоо боюнча арыз түштү