Видеосу интернетке тараган мамлекеттик нотариуска чара көрүлмөй болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Видеосу интернетте тарап жаткан мамлекеттик нотариуска чара көрүлөрүн бүгүн 7-июлда “Азаттык” радиосуна Юстиция министрлигинен билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ага катуу сөгүш жарыялоо боюнча буйрук даярдалууда.

“Видео тасмада чагылдырылган фактылар аныкталып, Жалал-Абад облусундагы юстиция башкармалыгынын Тартип комиссиясына киргизилген. Жагдайлар текшерилип, жыйынтыгында Ала-Бука районунун мамлекеттик нотариусуна каттуу сөгүш берүү жөнүндө тиешелүү буйрук даярдалып жатат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

“Ала-Бука районунда мамлекеттик нотариустун башчысы мас абалында жумушта отурат” деген видео эки күн мурда социалдык түйүндөрдө тараган.

Нотариалдык кызматты калкка мамлекеттик жана жеке нотариустар көрсөтөт.

Жеке кызматкерлер тил кат, ишеним кат саяктуу документтерди бекитип беришет.

Ал эми мамлекеттик нотариустар Юстиция министрлигине баш ийет, алар мамлекет бөлүп берген имаратта отурушат жана үй, жер сыяктуу кыймылсыз мүлктү каттоого алууда, мураска өткөрүп берүүдө негизги ролду ойногон расмий документтерди катташат, андай документтердин түп нускасы менен иштешет, сакташат жана жооп беришет. (RK)

Дагы караңыз

Баткенде баасы 11 миллион долларлык агрардык долбоор башталдыБаткен университети абитуриенттер үчүн босого баллды төмөндөттүЖогорку Сот кабарчылар сотко кысым жасаган учурлар көбөйгөнүн айтты Эки кишини сүзүп өлтүргөн аскер кызматкери камакка алынды