Бишкекте АКШнын Көз карандысыздык күнү белгиленди

Кошмо Штаттардын Көз карандысыздык күнүнө арналган кече. 6-июль, 2023-жыл. Бишкек.

АКШнын Бишкектеги элчилигинде Кошмо Штаттардын Көз карандысыздыгынын 247-жылдыгына арналган кече өтүүдө. Ага Кыргызстандын мамлекеттик органдары, жарандык коомдун өкүлдөрү, маданий ишмерлер катышууда.

Кечеде Кошмо Штаттардын элчиси Лесли Вигери АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилесин өнүктүрүү аракети уланып жатканын билдирди.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо жараяны уланууда.

Дагы караңыз

Депутат Сарбагышев "чет элдик өкүл" долбооруна автор болуудан баш тартты "Мета" компаниясы Threads деген жаңы социалдык түйүнүн ишке киргиздиЛьвовго урулган соккуда ЮНЕСКОго кирген тарыхый жай зыян тарттыГермания, Нидерландда борборазиялык жарандар террорчулукка шек саналып кармалды