ӨКМ быйыл сууга чөгүп каза болгондор былтыркыдан көп экенин билдирди

Дайынсыз жоголгон 7 жашар баланы издөө. Нарын суусу, Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл.

Дайынсыз жоголгон 7 жашар баланы издөө. Нарын суусу, Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызстанда жыл башынан бери 52 адам сууга чөгүп каза болгонун билдирди. Ага ылайык, былтыркы жылдын ушул маалына карата кырсык 25% өскөн.

Мунун алдында, 5-июлда Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашык жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун кабарлаган. Мындан улам милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдаган.

"Жайкы эс алуунун башталышы менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө актуалдуу маселелердин бири. Буга байланыштуу негизги тапшырма Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилген. Жай мезгилинде коомдук тартипти сактоо үчүн укук коргоо органдары көлмөлөрдө, адамдар көп жүргөн жерлерде патрулдук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүнү, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбесин, балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертет",- деп жазылган маалыматта.

ӨКМнын маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

Дагы караңыз

Бишкек: БУУ өкүлү өнүгүү менен сөз эркиндигинин байланышын айтты Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат Львовдо Орусиянын чабуулунан кеминде үч адам набыт болдуЕККУ өкүлү Борбор Азиядагы сөз эркиндигине кысым тууралуу айтты УКМК: уюшма кылмыш топтун "Чач" деген каймана аттуу мүчөсү кармалды Киев: сотто жардыруу уюштурган адам мерт болду, эки полиция жараат алды