Бишкекте 6-июлда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча 24-борборазиялык конференциясы өтүп башталды. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве сөз эркиндигинин чектелишинин ишкерлик чөйрөгө тийгизген таасирине токтолду.
Антье региондорду кыдырганда ишкерлер сөз эркиндиги чектелип атканына тынчсыздануу билдирип, "жагдай өзгөрбөсө алар улуттук талкуу, баарлашуудан четте каларын айтышты" деди.
Ошондой эле БУУнун өкүлү жалган маалымат менен күрөшүүдө жазалоо чаралары эмес, агартуу зарыл экенин белгиледи.
Жыйында медиа-эксперт Эрика Марат "Азаттык" жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары, активисттердин абалы Кыргызстанда сөз эркиндигин бууп салуу мүмкүн эмес экенин көргөзгөнүн айтты.
Бул жыйында ЖМКлардын бардык багыты боюнча актуалдуу маселелер талкууланып жатат. Иш-чарага аймактагы медиа өкүлдөр, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат
Жыйындын алдында Рибейро президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков менен жолуккан. Анда Кыргызстандын медиа тармагындагы соңку кырдаал, мыйзам долбоору тууралуу пикир алышкан.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жөнүндө” мыйзам долбоору беш жолу толукталды, жумушчу топ түзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн медиа өкүлдөрү түздү. Алардын сунуштары дагы эске алынды. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги, медиа өкүлдөрүнүн орду жогору экенинен кабар берет”, - деген Орунбеков.
Буга чейин медиа коомчулуктун өкүлдөрү мыйзам долбоорго байланыштуу берилген сунуштары эске алынбай калганын айтып чыгышкан. Ошондой эле документ эркин медиага каршы куралга айланышы ыктымалдыгын эскертишкен.
"Медиа Полиси Институту" уюму президенттик администрация даярдаган бул мыйзам долбоорунун бешинчи редакциясына талдоо жүргүзүп, ал Баш мыйзамга жана эл аралык келишимдерге каршы келерин билдирген.
Тереза Рибейро менен 4-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы жолуккан.
ЕККУ бул жолугушуулар тууралуу азырынча маалымат тарата элек.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.
Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.