Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат

Улан-Батор шаары, архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 9-11-июль күндөрү мамлекеттик сапар менен Монголияга барат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин билдиришинче, сапар монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусунун негизинде уюштурулуп жатат. Анын алкагында бир катар документтерге кол коюлат жана Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылат.

"Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугат. Тараптар эки өлкөнүн алака-катышынын абалын, андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги расмий ачылат. Эки мамлекеттин мамилесин чыңдоо жөнүндө биргелешкен декларацияга, бир катар чөйрөлөрдө кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюлат",- деп билдирди Азымбакиев.

Монголиянын Бишкектеги Башкы консулдугу 2019-жылы президентинин катышуусу менен элчилик болуп ачылган жана бул өлкө алгачкы элчисин Бишкекке 2021-жылы октябрда жөнөткөн.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле 30 жылдан ашты. Бул өлкөнүн президенттери Бишкекке 2012-жылы жана 2019-жылы келип кеткен.

Дагы караңыз

Львовдо Орусиянын чабуулунан кеминде үч адам набыт болдуНавальныйдын ишине рэпер Моргенштерндин ыры тиркелдиУКМК: уюшма кылмыш топтун "Чач" деген каймана аттуу мүчөсү кармалды Киев: сотто жардыруу уюштурган адам мерт болду, эки полиция жараат алды